Бишкек, 02.09.25 /Кабар/. «Чакан ГЭС» ААК өлкөнүн энергетикалык системасынын туруктуу жана үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу максатында комплекстүү иштерди жүргүзүп, бүгүнкү күндө күз-кыш мезгилине капиталдык ондоо иштери боюнча 90%, ал эми утурумдук иштери боюнча 80% даяр болду.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, ишкананын 2025-жылга койгон планынын алкагында ГЭСтерден жалпы 4 гидроагрегатты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрү мерчемделген. Учурда 3 гидроагрегатга (ГА) толук оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп ишке берилди.
Алар:
1. Быстровка ГЭСтин №1 ГАсы
2. 6-ГЭСтин №1 ГАсы
3. Кичи ГЭСтин №1 ГАсы
Учурда 5-ГЭСтин №1 ГАсын капиталдык оңдоо иштери аяктап калды. План боюнча 15-сентябрга чейин бүткөрүү мерчемделүүдө.
Мындан тышкары компаниянын адистери гидроэлектростанциялардын негизги жана көмөкчү жабдууларын пландык оңдоодон өткөрүп, модернизациялоо иштерин улантууда.
Тактап айтканда, ГЭС-3тө 35 кВ «Карагачёвая-2» аба чубалгысындагы эски майлуу өчүргүчтөр заманбап вакуумдук өчүргүчтөргө алмаштырылууда. Вакуумдук өчүргүчтөр ишенимдүүлүгү жана экологиялуулугу менен айырмаланып, үзгүлтүксүз тейлөөнү талап кылбайт.
Аталган өчүргүчтөрдү модернизациялоо иштери 35 кВ «Карагачёвая-1» аба чубалгысында да аткарылды.
Мындан тышкары, ГЭС-5теги 35 кВ ачык бөлүштүрүүчү түзүлүш утурумдук оңдоодон өткөрүлдү.
Ал эми ГЭС-2де болсо күч трансформаторун алмаштыруу иштери улантылууда. Бүгүнкү күндө компаниянын адистери «Кентау трансформатор заводу» ААКнын шеф-инженери менен биргеликте трансформаторду чогултуу иштерин жүргүзүүдө.