Кыргызстан Тажикстан менен электр энергиясын жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Кыргызстан Тажикстан менен электр энергиясын жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Кыргызстан Тажикстан менен электр энергиясын жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР Энергетика жана өнөр жай министрлигинин электр энергиясы башкармалыгынын башчысы Айбек Айдаралиев билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта кыргыз делегациясы Душанбеде жүрөт. “Алар дагы деле келише элек, алардын кайтып келүүсү менен бардыгы белгилүү болот. Электр энергиясын жеткирүү боюнча келишим түзүлөбү же жокпу, түзүлсө канча көлөмдө жана баасы канча болору сүйлөшүүгө кеткендер катып келгенден кийин билинет. Азырынча бизде маалымат жок”, - деди ал.