Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алат. Келишимге кол коюлду

Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алат. Келишимге кол коюлду

Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алат. Бул тууралуу КР Энергетика жана өнөр жай министринин басма сөз кызматы билдирет.

Тийиштүү келишимге Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев жана Түркмөнстандын энергетика министри (учурда вице-премьер-министр) Чарымырат Пурчеков кол койду.

Белгилей кетүүчү жагдай, КР президенти Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 27-28-июнунда Түркмөнстанга жасаган расмий сапарында эки өлкөнүн мамлекет башчылары Кыргызстанга электр энергиясын жана жаратылыш газын жеткирүү боюнча алдын ала макулдашышкан.

Кол коюлган келишимге ылайык, 2021-жылдын август айынан тарта ушул жылдын декабрь айына чейин Түркмөнстан Кыргызстанга 501,9 млн кВт саат электр энергиясын берет. Ушул жылдын 9-августуна карата Түркмөнстандан кол коюлган контракт боюнча 19,2 млн.кВтч электр энергиясы экспорттолду.

Муну менен катар Түркмөнстандан Кыргызстанга жаратылыш газын экспорттоо боюнча сүйлөшүү жүрүүдө.