...

Кыргызстанда 2022-жылга чейин электр энергиясына болгон тариф жогорулабайт

Экономика Башка жаңылыктар 14 İyul 2021 18:17
Кыргызстан Kabar Nursuluu
Кыргызстанда 2022-жылга чейин электр энергиясына болгон тариф жогорулабайт

Кыргызстанда электр энергиясына болгон тариф жогорулабайт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ведомство башчысынын президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушуусунда учурдагы тарифти калк үчүн 2022-жылдын апрелине чейин өзгөртүүсүз калтыруу чечими кабыл алынган. Башкача айтканда, 1 кВт саат үчүн 77 тыйын. Ал эми 700 кВт сааттан жогору 2 сом 16 тыйын. Тоолуу аймактардын жашоочулары үчүн мурда коюлган 1000 кВт саат лимити алынып салынды.

Министрликтен кошумчалашкандай, турак жай эмес керектөөчүлөр үчүн тарифтер кайра каралып чыгат.

Жаңылыктар

Жаңылыктар түрмөгү