Бишкек, 17.10.25. /Кабар/. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Түштүк Кореянын KT&G корпорациясынын президенти Бан Кен Манг менен жолукту.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар KT&G компаниясынын Кыргызстанга инвестицияларын кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде фармацевтика, косметика жана кыймылсыз мүлк тармактарындагы жогорку технологиялык долбоорлорду талкуулашты.
Министр белгилегендей, Кыргызстан табигый ресурстарга, анын ичинде дары-дармектик чөптөргө жана ак бал сыяктуу уникалдуу продукцияларга бай болуп, бул тармактагы өндүрүш үчүн атаандаштык артыкчылыктарын түзүп, курулуш индустриясынын туруктуу өсүшүн көрсөтөт.
Буга байланыштуу министр түштүк кореялык компанияны өлкөнүн фармацевтикалык секторуна тиешелүү өндүрүш куруу аркылуу инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн кароого чакырды.
Өз кезегинде Бан Кен Манг KT&G компаниясынын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Тараптар бул жолугушуу эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жаңы этабы болуп, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга жана Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын социалдык-экономикалык кызматташтыгын чыңдоого өбөлгө болоруна ишеним билдиришти.
Маалымат үчүн: KT&G компаниясы — 100 жылдан ашуун тарыхы бар, Түштүк Кореянын алдыңкы корпорацияларынын бири болуп саналат. Компания тамеки өндүрүшү, фармацевтика, женьшень өстүрүү, косметика жана кыймылсыз мүлк тармактарына адистешкен.