"Кыргызнефтегаздын" ишмердүүлүгү мыйзамга шайкеш келет - аудиттин жыйынтыгы

Бишкек, 17.10.25. /Кабар/. "Кыргызнефтегаз" ААКтын 2023-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилдеги ишмердүүлүгүнө шайкештик аудит жүргүзүлдү. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти.

WhatsApp Image 2025-10-17 at 10.18.59 (2).jpeg

Аудиттин жыйынтыгында Эсептөө палатасынын мурунку аудитинин негизинде "Кыргызнефтегазга" берилген сунуштар толук көлөмдө аткарылгандыгы белгиленди.

Өндүрүштүк жана каржылык көрсөткүчтөр боюнча 2024-жылга 180 миң тонна мунай өндүрүү пландалган болсо, иш жүзүндө 177 миң тонна өндүрүлүп, план 98,3 пайызга аткарылган. 2023-жылга салыштырмалуу өндүрүш көлөмү 6,9 миң тоннага, же 3,8 пайызга кыскарган.

WhatsApp Image 2025-10-17 at 10.18.59 (1).jpeg

Ошол эле учурда жаратылыш газын өндүрүү боюнча план ашыгы менен аткарылып, 25 млн куб метрдин ордуна 28,2 млн куб метр өндүрүлгөн (112,9 пайыз), бул 2023-жылга салыштырмалуу 3,1 пайызга өскөнүн көрсөтөт.

Ошондой эле ишкананын 2024-жылдагы кирешелери 6,2 млрд сомду түзүп, план 98 пайыз деңгээлинде аткарылган. Ал эми чыгымдар 4,1 млрд сомдун ордуна 3,5 млрд сом болуп, экономдоо 0,6 млрд сомду түзгөн.

WhatsApp Image 2025-10-17 at 10.18.58.jpeg

Жыйынтыгында, "Кыргызнефтегаз" ААК 2024-жылы 2,6 млрд сом таза пайда алып, бекитилген бюджетке салыштырмалуу 31 пайыз өсүшкө жетишкен.

Аудиттин жүрүшүндө жалпы 18,1 млн сомго бузуулар аныкталды. Анын ичинде дебитордук карыздарды жана амортизациялык чегерүүлөрдү толук эмес чагылдыруу, ошондой эле чет өлкөлүк өнөктөштөргө эсеп-фактуралары толук берилбей калган учурлары бар.

WhatsApp Image 2025-10-17 at 10.18.58 (3).jpeg

Мындан тышкары, ишкананын ички резервдери жана кошумча түшүүчү каражаттар 436,8 миң сомду түздү.

Эсептөө палатасы белгилегендей, аудит "Кыргызнефтегаз" ААКтын жалпы ишмердүүлүгү мыйзамдын талаптарына шайкеш экенин, бирок айрым эсеп жана башкаруу тармактарында тактыкты жогорулатуу жана финансылык тартипти бекемдөө зарыл экенин көрсөттү.