Бишкек, 17.10.26. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев Швейцариянын Улуттук банкынын төрагасы Мартин Шлегель менен жолукту.
Финансылык жөнгө салуучу органдан маалымдашкандай, жолугушуу Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун жылдык жолугушууларынын алкагында өттү.
Тараптар өз өлкөлөрүндөгү учурдагы экономикалык кырдаалга баа берүү маалыматтары менен бөлүшүп, глобалдуу финансылык рыноктун келечегин, ошондой эле жогорку белгисиздик шарттарында макроэкономикалык саясатты координациялоо маселелерин талкуулашты.
Мындан тышкары, жолугушуунун бир бөлүгү акча-кредит саясатына арналды, атап айтканда борбордук банктардын эл аралык резервдерин тескөө маселелери талкууланды.
Жолугушуунун жүрүшүндө ага башка өлкөлөр менен катар Швейцария жана Кыргызстан кирген ЭВФ өлкөлөрүнүн Швейцария тобунун алкагында кызматташуунун маанилүүлүгү белгиленди. Тараптар келечекте өткөрүлүүчү ЭВФ отурумдарында өз ара кызыкдар болгон маселелер боюнча позияцияларды мындан ары да координациялоого даярдыгын тастыкташты.
Мындан тышкары, жолугушууда эки өлкөнүн Улуттук банктарынын ортосунда эки тараптуу кызматташууну бекемдөө жолдору талкууланды.
Борбордук банктардын жетекчилери өз ара жигердүү иш алып барууга жана потенциалды өнүктүрүүгө, анын ичинде эксперттик тажрыйба алмашууга жана тармактык бөлүмдөр деңгээлинде биргелешип иш-чараларды өткөрүүгө даярдыгын билдиришти.