Бишкек, 17.10.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Рим шаарында Италиянын айыл чарба, азык-түлүк суверенитети жана токой чарба министри Франческо Лоллобриджида менен жолукту.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Италиянын 30 жылдан ашык тарыхы бар достук мамилелерин, бул байланыштар өз ара урмат-сыйга, ишенимге жана конструктивдүү диалогго негизделгенин белгилешти.
Бакыт Төрөбаев акыркы жылдары Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы кызматташтык эки тараптуу жана көп тараптуу деңгээлде активдүү өнүгүп жатканын баса белгиледи. Алсак, 2025-жылдын май айында өткөн "Борбор Азия – Италия" аттуу алгачкы саммиттин алкагында президент Садыр Жапаров Италиянын премьер-министри Жоржия Мелони менен жолукканын эске салды.
Мындан тышкары, Италия Кыргызстандын эгемендүүлүгүн тааныган алгачкы европалык өлкөлөрдүн бири болуп, өлкөнүн БУУ, ЕККУ сыяктуу эл аралык уюмдарга мүчө болушун колдогон.
Кыргызстандын агрардык ведомствосунун башчысы Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы кызматташтыкты туруктуу айыл чарба, азык-түлүк коопсуздугу, кооперативдерди өнүктүрүү, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана инновациялык технологияларды киргизүү сыяктуу тармактарда өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Ошондой эле ал Италиянын айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүүдөгү, жаңы жашылча-жемиш сортторун жаратуудагы жана кайра иштетүү өнөр жайын өркүндөтүүдөгү тажрыйбасын Кыргызстан жогору баалай турганын белгиледи.
Мындан тышкары, жолугушууда илимий билим берүү жаатындагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулду. Буга байланыштуу Бакыт Төрөбаев 2025-жылдын 13-июнунда Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги менен Турин политехникалык университетинин ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлганын билдирди. Бул документ азык-түлүк коопсуздугу, тамак-аш продукциясынын сапаты жана агроинновациялар жаатындагы кызматташууну карайт.
Кыргыз тарап селекция, үрөнчүлүк жаатында кызматташууга, ошондой эле италиялык айыл чарба өсүмдүктөрүнүн кыргыз тоолоруна ылайыкташтырылышы боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.
Бакыт Төрөбаев Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине, Кытайга жана Түштүк Азияга италиялык айыл чарба продукцияларын жана технологияларын жеткирүүдө логистикалык жана экспорттук хаб болууга даяр экенин белгиледи.
Өз кезегинде Италиянын айыл чарба министри Италия тарап Кыргызстандагы айыл чарбаны өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө жана бул жааттагы кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экенин билдирди. "Биз сиздерге технология, билим жана тажрыйба жагынан жардам берүүгө даярбыз", — деди Франческо Лоллобриджиди.