Кыргызстанда үч айда 92 миңден ашуун автоунааны кайра каттоо жүргүзүлгөн

Кыргызстанда үч айда 92 миңден ашуун автоунааны кайра каттоо жүргүзүлгөн

Үстүбүздөгү жылдын 1-июнунда Кыргызстанда автоунааларды кайра каттоо боюнча улуттук кампания башталган. Акция башталгандан тартып 2021-жылдын 31-августуна чейин Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси 92 миң 386 кайра каттоону жүргүздү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 31-декабрга чейин кыргызстандыктардын транспорт каражаттарын жеңилдетилген түрдө кайра каттоо мүмкүнчүлүктөрү бар.

"Унааны кайра каттоонун баасы чыгарылган жылына жана кыймылдаткычынын көлөмүнө карабастан 1 миң 360 сомду түзөт. Эгерде жаңы номер сатып албасаңыз, анда унааны кайра каттоонун баасы - 460 сомго чейин төмөндөйт. Транспорт каражаттарын сатып же сатып алып жатсаңыз транспорт каражатына болгон укугуңузду "Унаа" МИнин бөлүмдөрүндө каттоону сунуштайбыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Ишеним кат менен автотранспортту сатып алуу жана сатуу ээси үчүн төмөнкү терс кесепеттерди алып келет:

- унаа ээси транспорт каражатынын салыгын төлөбөгөндүгү үчүн жана "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында жол эрежелерин бузгандыгы үчүн айыптарга жооп берет;

- автотранспорт каражатынын катышуусунда кылмыш же жол кырсыгы болгон учурда, өткөрүп берилген унаа үчүн унаанын расмий ээси жооп берет;

- ишеним кат менен машинаны алган адам аны өз атына каттатып алууга укугу жок;

- расмий ээси каза болгон учурда, ишеним кат күчүн жоготуп, мурастоодо көйгөйлөр жаралышы мүмкүн.