Эми Кыргызстандан Кувейтке түз учууга болот

Эми Кыргызстандан Кувейтке түз учууга болот

2021-жылдын 23-июнунан тартып Кувейт—Бишкек—Кувейт багытындагы жаңы туруктуу аба каттам ачылат. Бул тууралуу “Манас эл аралык аэропорту” ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, туруктуу каттам жумасына 2 жолу – шаршемби жана жекшемби күндөрү жүргүзүлөт.

Авиакаттамды Кувейттик Jazeera Airways авиакомпаниясы аткармакчы.

Учуу убактысы – 3 саат 35 мүнөттү түзөт.