“Түндүк-Түштүк” альтернативдик жолунун курулушун иликтеген депутаттык комиссиянын отуруму өттү

“Түндүк-Түштүк” альтернативдик жолунун курулушун иликтеген депутаттык комиссиянын отуруму өттү

КР Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолдун курулушунун жүрүшү боюнча маалыматты КР Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Нурлан Кайыңбаев берди. Анын айтымында, бул жол түндүк-түштүк региондорун бириктирген эң кыска жол болуп, ал региондорду өнүктүрүүгө кеңири шарттарды түзөт. Азыркы учурда жолдун курулушунун биринчи фазасы 75, ал эми экинчи фазасы 90 пайызга аткарылган. Эсеп палатасынын өкүлү 2015-жылы жолдун курулушун долбоорлоодо 35 млн.АКШ доллары ашыкча жумшалгандыгын билдирди.

Талкуу учурунда депутат Мейкинбек Абдалиев ашыкча жумшалган долларга токтолуп, бул чыгымга ким жооп берет деген суроону койду.”Бул да “Кумтөр” сыяктуу чырлуу долбоор болуп калбаса экен”,- деди эл өкүлү. Депутат Нурбек Мурашев бул курулушту башталганда эле ээрге кыйшык отурган долбоор катары мүнөздөп, эмки отурумда жолдун курулушун жеринде барып көрүп келүүнү сунуштады. Депутат Шайлообек Атазов жолдун курулушуна кредиттер канча пайыз менен алынганын, ошол учурда өкмөт башында кимдер турганын сурады.

Талкуудан соң комиссия мүчөлөрү атайын иш-план түзүп, жолдун курулушу менен жеринен таанышып келүүгө чечим кылышты.