Мындан мурда ЖМКлар Экономика жана финансы министрлигине шилтеме берип, Бишкек мэриясы 2020-жылы АӨБ линиясы боюнча 120 электробустан баш тарткан деп жазышкан.
Муниципалитеттин басма сөз кызматы бул маалыматта жокко чыгарды.
“Жаңы вице-мэр Руслан Акылбековдун келиши менен АӨБ менен сүйлөшүүлөр жанданып, азыр толук кандуу жүрүүдө”,-деп айтылат маалыматта.
АӨБ менен суйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Бишкек мэриясы толук маалымат берет.