Алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясы өз ишин аяктады

Алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясы өз ишин аяктады

Кечээ, 29-июлда Кыргыз Республикасынын алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин кезексиз сессиясы өз ишин аяктады.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов парламент өлкөдөгү социалдык- экономикалык кыйын кырдаалды эске алып, депутаттык корпустун ишин узартуу чечимин кабыл алганын белгилеп өттү.

“Жогорку Кеңеш тарабынан пандемия шартында экономиканы турукташтырууга жана улуттук мыйзамдарды 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда( жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына шайкеш келтирүүгө багытталган маанилүү мыйзамдар кабыл алынды”, - деди Төрага тараптардын баарына ыраазычылык билдирип.

Кеңешме Кыргыз Республикасынын гимнинин ойнолушу менен аяктады.