Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Масадыковду кабыл алды

Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Масадыковду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-июлда, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыковду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууга президенттин Администрациясынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана анын орун басарлары катышты.

Мамлекет башчысы Таалатбек Масадыковдун мындай жооптуу кызматка дайындалышы анын тышкы саясат, аймактык коопсуздук маселелериндеги компетенттүүлүгүнө негизделгендигин жана Коопсуздук Кеңешинин ролун бекемдөө менен бул органдын ишинин натыйжалуулугун көтөрүү максатында жасалып жаткандыгын белгиледи.

Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басарынын негизги милдеттеринин бири улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, улуттук кызыкчылыктарды коргоо жаатында тышкы саясаттын негизги багыттарын аныктоо, улуттук коопсуздукка байланыштуу чакырыктар менен коркунучтарды божомолдоо, талдоо жана баалоо, аларды алдын-алууга жана нейтралдаштырууга багытталган чараларды иштеп чыгуу боюнча сунуштарды берүү болуп эсептелерине көңүл бурду.

Ошону менен бирге ал Коопсуздук кеңешинин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, эл аралык жана башка уюмдар менен өз ара кызматташуусун натыйжалуу уюштурууну камсыз кылуу маанилүү экенин белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан глобалдык чыңалууну азайтууга жана эл аралык коопсуздукту чыңдоога багытталган тең укуктуу жана ар тараптуу кызматташууну кеңейтүүнү жактай тургандыгын баса белгиледи.

Өз кезегинде Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Мамлекет башчысына ишеним көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Анын айтымында, азыркы кезде жалпысынан Борбордук Азия регионундагы кырдаалды эске алганда, өлкөнүн улуттук коопсуздук маселелери өтө актуалдуу.

Таалатбек Масадыков болгон билими менен региондун коопсуздук маселелери боюнча көп жылдык эл аралык тажрыйбасын өз ишине максималдуу түрдө колдонууга даяр экенине басым жасады.

Кесиптештерине кайрылып, өлкөнүн өнүгүшү жана өлкө жарандарынын бакубатчылыгы үчүн ачык-айкын кызматташууга жана натыйжалуу иштөөгө даяр экенин белгиледи.