Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушат. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Султанбаевдин маалыматына караганда, президент эл өкүлдөрү менен учурдагы социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий маселелер боюнча пикир алмашат.