КР ТИМ башчысы Руслан Казакбаевдин Кувейтке сапарын уюштуруу маселеси талкууланды

КР ТИМ башчысы Руслан Казакбаевдин Кувейтке сапарын уюштуруу маселеси талкууланды

Ушул жылдын 12-июлунда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары А. Артыкбаев резиденциясы Нур-Султан шаарында жайгашкан Кувейттин Кыргызстандагы элчиси Тарек Аль-Фаражды кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кувейт кызматташтыгынын маселелерин жана өз ара кызыкчылык жараткан бардык тармактары боюнча өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Атап айтканда, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды, анын катарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Кувейт мамлекетине сапарын уюштуруу, ошондой эле министрликтер аралык саясий кеңешмелерди өктөрүү маселелери көтөрүлдү.

Инвестиция тартуу, ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы мамилелерди жана байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүнө өзгөчө басым жасалды. Жетишилген келишимдерди жүзөгө ашыруу максатында, тараптар Кувейттин Соода-Өнөр жай палатасынын өкүлдөрүнүн Бишкек шаарына Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуу үчүн иш-сапарын уюштурууну макулдашышты.

Аны менен катар, тараптар ушул жылдын июнь айында Кувейттин “Jazeera Airways” авиакомпаниясы тарабынан иштей баштаган Эль-Кувейт менен Бишкек шаарларынын ортосунда түз аба каттамы ачылгандан бери Кувейт жана араб өлкөлөрүнөн туристтердин агымынын көбөйгөндүгүн белгилешти.

Жыйынтыгында министрдин орун басары Артыкбаев өлкөдөгү инфратүзүмдү, саламаттык сактоону, билим берүүнү, транспорт жана энергетиканы өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык долбоорлорду колдогондугуна байланыштуу, ошондой эле COVID-19га каршы күрөшүүдө көрсөтүлгөн гуманитардык жардам үчүн Кувейт Өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

Муну менен бирге элчи Т. Ал-Фаражга Кыргыз Республикасы менен Араб экономикалык өнүктүрүү Кувейт фондунун ортосундагы Ысык-Көл айлампа жолун реконструкциялоо жөнүндө Макулдашуу долбооруна кол коюуга көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.