...

Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары кызматы түзүлдү

Саясат Башка жаңылыктар 12 İyul 2021 10:23
Кыргызстан Kabar Nursuluu
Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары кызматы түзүлдү

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин ишин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Аталган Жарлык Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында чыгарылды.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары кызматы түзүлдү.

Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин курамына Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басарын киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Жаңылыктар

Жаңылыктар түрмөгү