Кыргызстандын элчиси Өмүралиев Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш менен жолугушту

Кыргызстандын элчиси Өмүралиев Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш менен жолугушту

2021-жылдын 9-июлунда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптар кыргыз-түрк кызматташтыгынын, тактап айтканда, коронавирус пандемиясынын кесепетинен токтотулган экономика жана маданият жаатындагы боордош шаарлар болгон Бишкек жана Анкара ортосундагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты.

Бишкек шаарындагы Ататүрк атындагы сейил бак эң чоң шаардык сейил бак экенин белгилеп, Анкара шаарынын борборундагы "Дикмен Вадиси" сейил багынан Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бакты ачуу үчүн жер тилкесин берүү боюнча буга чейин жетишилген келишимдин аткарылышын тездетүүнү суранды.