КР ТИМ башчысынын орун басары Түркмөнстандын элчиси менен жолукту

КР ТИМ башчысынын орун басары Түркмөнстандын элчиси менен жолукту

2021-жылдын 6-июлунда Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Шадурды Мередов менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптар 2021-жылдын 27-28-июнунда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон расмий сапарынын алкагында эң жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Н.Ниязалиев жана Ш.Мередов аталган сапар стратегиялык өнөктөштүктө негизделген кыргыз-түркмөн мамилелеринин өнүгүүсүндө дагы бир тарыхый этабы болуп калгандыгы жөнүндө бир пикирде болушту.

Тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү, инфратүзүмдүк долбоорлорду, анын ичинде соода, инвестиция, энергоресурстарды жеткирүүнү ишке ашыруу маселелерин карап чыгышты.

Жогорку жана эң жогорку деңгээлде өтө турган эки тараптуу жана көп тараптуу иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.