Жапаровдун бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуусу. Тапшырмалардын аткарылышы боюнча тескемеге кол коюлду

Жапаровдун бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуусу. Тапшырмалардын аткарылышы боюнча тескемеге кол коюлду

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 23-июнунда бизнес-коомчулук менен жолугушуунун жыйынтыгында Мамлекет башчысы тарабынан берилген тапшырмалардын аткарылышын камсыз кылуу максатында тескемеге кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Тескемеге ылайык, өлкөнүн министрликтеринин жана ведомстволорунун башчыларына, министрлер кабинетинин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына ишкерлер менен жолугушууда президент тарабынан берилген тапшырмалардын аткарылышын камсыз кылуу тапшырылат.

Кыргыз Республикасынын президентинин тапшырмаларын аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жогоруда аталган жетекчилер тартиптик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

Президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 23-июнунда бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуусунун жыйынтыгында берген тапшырмаларын төмөнкү тиркемеде сунуштайбыз.