...

Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын өкмөттүк делегациялары чек араны талкуулашты

Саясат Башка жаңылыктар 5 İyul 2021 09:22
Кыргызстан Kabar Nursuluu
Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын өкмөттүк делегациялары чек араны талкуулашты

Фергана шаарында (Өзбекстан Республикасы) Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик чек араларынын бириккен чекиттеринин жайгашуусу боюнча сунуштар менен алмашты.

Белгилей кетсек, жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча тийиштүү Протоколго кол коюлду.

Өкмөттүк делегациялардын кезектеги жолугушуусу Кыргыз Республикасынын аймагында өтөт.

Жаңылыктар

Жаңылыктар түрмөгү