...

Марат Иманкулов АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту

Саясат Башка жаңылыктар 31 Yanvar 2023 07:46
Kabar Aiperi Ko
Марат Иманкулов АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту

Бишкек, 30.01.23./Кабар/. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов бүгүн, 30-январда, америкалык тараптын демилгеси менен Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Тараптар глобалдык жана аймактык коопсуздук, терроризм, экстремизм жана наркотрафик коркунучтарын талкуулашты.

Мындан тышкары, Сириядан Кыргызстандын жарандарын репатриациялоо, ошондой эле АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин өлкөнүн маданий-тарыхый мурас объекттерин реконструкциялоого көмөктөшүү темасы да өзүнчө козголду.

Жаңылыктар

Жаңылыктар түрмөгү