Кыргызстан менен Черногориянын ортосундагы мамилелерди бекемдөө талкууланды

Кыргызстан менен Черногориянын ортосундагы мамилелерди бекемдөө талкууланды

Бишкек, 16.11.22. /Кабар/. Күн мурун, 15-ноябрда Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Черногориянын Россиядагы элчиси Милорад Шчепанович менен жолугушту.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Черногориянын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун алкагындагы актуалдуу маселелер талкууланды.

Тараптар Кыргызстан менен Черногориянын ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өз ара даярдыгын билдиришти.