Садыр Жапаров Риши Сунакты Улуу Британиянын премьер-министрлигине дайындалышы менен куттуктады

Садыр Жапаров Риши Сунакты Улуу Британиянын премьер-министрлигине дайындалышы менен куттуктады

Бишкек, 03.11.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Риши Сунакты Консерваторлор партиясынын жаңы лидери болуп шайланышы жана Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Падышачылыгынын премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады.

«Сиздин Улуу Британиянын өкмөтүнүн башчысы кызматына киришүүңүз кыргыз-британ эки тараптуу кызматташтыгын жаңы сапаттуу деңгээлге чыгарууга түрткү берет деп терең ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Садыр Жапаров Риши Сунакка чың ден соолук жана бакубаттык, жогорку мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми Улуу Британия элине бейпилдик жана өнүгүү каалад