Кыргыз-эмират кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Кыргыз-эмират кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Бишкек, 05.10.22. /Кабар/. Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчиси Абдилатиф Жумабаев БАЭнын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик министри Ахмед бин Али Аль Сайег менен жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 4-октябрда Бириккен Араб Эмираттарынын Тышкы иштер министрлигинде өткөн.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-эмират кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, жогорку жана бийик деңгээлдеги пландалган өз ара сапарларды уюштурууну жана Кыргызстан менен БАЭнин Тышкы иштер министрликтери ортосундагы иш-чараларды өткөрүүнү талкуулашты.

"Жолугушууда Жумабаев кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн окуялар, Баткен облусундагы учурдагы кырдаал боюнча маалымат берип, ошондой эле кыргыз тарап өлкөлөр ортосундагы талаш-тартыштарды саясий жана дипломатиялык жол менен чечүүгө умтулуусун баса белгиледи", - деп айтылат маалыматта.