Элчи Тотуяев Пакистандын тышкы иштер министринин орун басары менен жолукту

Элчи Тотуяев Пакистандын тышкы иштер министринин орун басары менен жолукту

Бишкек, 09.09.22. /Кабар/. Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын тышкы иштер министринин орун басары Мухаммад Аамар Афтаб Куреши менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулады.

Тактап айтканда, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына эки өлкөнүн лидерлеринин катышуусун, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын, ошондой эле эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарларды өткөрүүнү талкуулашты.

Элчи У.Тотуяев Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы эки тараптуу байланыштардын позитивдүү динамикасын канааттануу менен белгиледи. Буга байланыштуу ал кыргыз-пакистан эки тараптуу кызматташтыгынын бардык спектрин жана өзгөчө соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда бекемдөөгө багытталган биргелешкен натыйжалуу ишти улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар эл аралык жана региондук күн тартибинин маселелерине өзгөчө көңүл буруп, региондук долбоорлорду жана алардын ичинде CASA-1000 энергетикалык долбоорун мындан ары ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн Афганистандагы кырдаалды турукташтыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.