Бишкек мэри Катар элчиси менен жолугушту. Эмнелер талкууланды?

Бишкек мэри Катар элчиси менен жолугушту. Эмнелер талкууланды?

Бишкек, 06.09.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Катардын Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулейти менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда мэр Катар менен достук мамилени өнүктүрүү жана чыңдоо Бишкек шаарынын мэриясы үчүн өзгөчө шаарлар аралык деңгээлде маанилүү экенин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун кошумча имаратынын курулушун талкуулашты. Мэр элчиге Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 360 орундуу долбоор иштелип чыкканын маалымдады.

Маалымдама: 2014-жылы Доха шаарында Бишкек жана Доха шаарларынын ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү боюнча макулдашууга кол коюлган.