Жапаров жана Мишустин эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулады

Жапаров жана Мишустин эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулады

Бишкек, 26.08.22.Кабар/. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Акылбек Жапаров эки өлкөнүн кызматташуусу эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагындагы эки тараптуу жана көп тараптуу, дээрлик бардык деңгээлдеги активдүү өз ара аракеттенүү менен өзгөчөлөнөрүн белгиледи.

Анын айтымында, эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштардын туруктуу өнүгүүсү байкалууда. Биринчи жарым жылдыкта Россия Федерациясы менен өз ара соода жүгүртүү 39 пайызга өсүп, 1 млрд 426,5 млн АКШ долларын түздү, ал эми биздин республикадан Россия Федерациясына экспорт дээрлик эки эсе өстү.

Акылбек Жапаров биздин өлкөлөр ортосундагы жүргүнчүлөрдү ташуудагы, анын ичинде аба, автоунаа жана темир жол транспорту аркылуу ташууларга карай бардык чектөөлөрдүн алынып салынышы жайкы сезондо россиялык туристтердин олуттуу агымына салым кошконун айтты.

«Биринчи жолу Россиянын шаарларынан Ысык-Көл облусуна (Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» аэропорту) жумасына 14 түз каттам аткарылууда. Бир тууган элибиз эс алуу үчүн биздин республиканы тандап алуусу бизди абдан кубандырат. Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында тогуз билим берүү мекемесин куруу боюнча келишимдерди ишке ашырууну баштаганына кубанычтамын», - деди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле Россия Федерациясында эмгектенип жаткан мекендештерибиздин укуктук абалы тууралуу маселени көтөрдү.

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин өз кезегинде учурдагы бардык багыттар боюнча кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

«Биздин жалпы максат – соода-экономикалык чөйрөдө узак мөөнөттүү стратегиялык милдеттерди чечүү үчүн шарттарды түзүү, жагымдуу инвестициялык жана ишкер климатты камсыз кылуу. Бул маселелерди эки тараптуу өкмөттөр аралык комиссия чечет. 2022-2026-жылдарга экономикалык кызматташтыктын жаңы программасына кол коюуну тездетүү зарыл, ал кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө, соода жүгүртүүнү, өз ара инвестициянын көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет», - деди ал жана россиялык тарап автомобиль куруу айыл чарбасында жана транспорттук инфраструктура чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну сунуштап жатканын кошумчалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.