6 айда Кыргызстан менен Казакстандын соода жүгүртүүсүнүн көлөмү $568 млн түздү

6 айда Кыргызстан менен Казакстандын соода жүгүртүүсүнүн көлөмү $568 млн түздү

Бишкек, 25.08.22./Кабар/. Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Казакстандын премьер-министри Алихан Смаиловдун жолугушуусу өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу, анын ичинде интеграциялык бирикменин алкагындагы кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Акылбек Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга расмий сапары, ошондой эле кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйынынын жүрүшүндө жетишилген макулдашуулар эки өлкө ортосундагы бир туугандык мамилелерди чыңдоо өңдүү динамиканын далили болгондугун белгиледи.

"2022-жылдын алты айында биздин өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү көлөмү 568 млн АКШ долларын түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 24%га жогору. Бул бизди кубандырат. Ошол эле учурда биз умтула турган нерселер бар. Үзгүлтүксүз жана өз убагында өткөрүлүүчү жолугушуулар бүгүнкү күндө орун алган бир катар маселелерди, анын ичинде соода жана транзиттик чөйрөлөрдөгү маселелерди талкуулоо жана чечүү жолдорун табуу үчүн мыкты өбөлгө түзөт", — деди Жапаров.

Жыйындын башында Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов жакында Россиянын Ульяновск облусунда болгон кырсыктан кыргыз жарандарынын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

"Биздин негизги максатыбыз – мамлекет башчылары тарабынан коюлган милдеттерди толук ишке ашыруу жана казак-кыргыз кызматташтыгын мындан ары да чыңдоо. Тактап айтканда, өз ара сооданын көлөмүн 2 млрд долларга чейин жогорулатуу", - деди Алихан Смаилов.

Жолугушуунун жүрүшүндө "Ак-Тилек" жана "Карасу" өткөрүү пункттарынын аймагындагы Өнөр жай-логистикалык комплексин куруу долбоорун ишке ашыруу, Казакстанда дизелдик отунга болгон баанын көтөрүлүшү, айыл чарба тармагында кызматташуу, ошондой эле кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу Кыргызстандын жүк ташуучу унааларынын тоскоолдуксуз өтүшүнө байланыштуу маселелер талкууланды.