Жапаров менен Бердымухамедов телефон аркылуу сүйлөштү – эмнени талкуулашты?

Жапаров менен Бердымухамедов телефон аркылуу сүйлөштү – эмнени талкуулашты?

Бишкек, 30.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 29-июнда, президент Садыр Жапаров менен Түркмөнстандын Халк Маслахаты Милли Генгешинин төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргыз-түркмөн кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү, эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү, ошондой эле пландалган эки тараптуу багыттагы визиттердин графиктери боюнча пикир алмашуу болду.

Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына (9-октябрь, 2022-ж.) байланышкан маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.

Сүйлөшүү учурунда Садыр Жапаров Гурбангулы Бердымухамедовду 65 жаш мааракеси менен куттуктап, Түркмөнстандын учурдагы жетишкендиктери Гурбангулы Бердымухамедовдун ысымы менен үзгүлтүксүз байланышканын белгиледи. Ал анын талыкпаган эмгеги жана мекенчилидиги Түркмөнстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен өлкөнүн эл аралык аренадагы чоң жетишкендиктерине жол ачканын белгиледи.

Садыр Жапаров Гурбангулы Бердымухамедовго Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы бир туугандыкты, ынак коңшулаштыкты, стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле мамлекеттер аралык мамилелерди өз ара түшүнүшүү жана өз ара колдоо духунда өнүктүрүү ниетин билдирди.

Президент Садыр Жапаров Гурбангулы Бердымухамедовго бекем ден соолук, узак өмүр, түгөнгүс энергия жана боордош түркмөн элинин бакубаттуулугу үчүн ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.