Манамада кыргыз-бахрейн парламенттер аралык байланыштарын өнүктүрүү талкууланды

Манамада кыргыз-бахрейн парламенттер аралык байланыштарын өнүктүрүү талкууланды

Бишкек, 23.06.22. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бахрейн Падышалыгынын Улуттук Ассамблеясынын өкүлдөр кеңешинин (парламенти) төрайымы Фавзия Абдулла Юсуф Зайнал менен жолукту.

Маалыматка ылайык, жолугушуу КР ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаевдин Бахрейн Падышалыгына болгон расмий сапарынын алкагында Манама шаарында өтүп, ага Бахрейн Улуттук Ассамблеясынын Эл аралык иштер жана коргоо боюнча комитетинин жетекчиси жана мүчөлөрү да катышты.

Тараптар парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө жана парламенттик достук топторунун деңгээлинде үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүүгө өз ара кызыкдар экендигин билдирип, ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүндө тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Министр Ж.Кулубаев Кыргызстандын Бахрейн Падышалыгы менен түрдүү тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө жана эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери жана эл аралык күн тартиби боюнча саясий диалогду улантууга, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштурууга даярдыгын билдирди.

Тараптар туризм тармагын өнүктүрүү жана эки тараптуу соода-экономикалык байланыштарды тереңдетүү үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоону макулдашты. Ошону менен бирге Ж.Кулубаев Кыргызстандын президенти тарабынан өлкөнү өнүктүрүү, инвестицияларды жана туристтерди тартуу, ошондой эле алар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, анын айкын мисалы катары Бахрейн жарандары үчүн 60 күнгө чейин киргизилген визасыз режимди белгиледи.

Ошондой эле Ж.Кулубаев КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов Ф.Зайналды Кыргызстанга келип кетүүгө чакыргандыгын белгилеп, КР ТИМине сапардын ыңгайлуу болгон мөөнөттөрүн маалымдап коюуну өтүндү.