КР ТИМ башчысынын кыргыз-бахрейн мамилелеринин тарыхындагы алгачкы расмий сапары башталды

КР ТИМ башчысынын кыргыз-бахрейн мамилелеринин тарыхындагы алгачкы расмий сапары башталды

Бишкек, 22.06.22. /Кабар/. Кечээ, 21-июнда Кыргызстандын тышкы иштер министринин Бахрейн падышалыгына кыргыз-бахрейн мамилелеринин тарыхындагы алгачкы расмий сапары башталды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бахрейндин тышкы иштер министри Абдуллатиф бин Рашид Аль-Заяни менен жолугушту.

Тараптар эки жактуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана аны ар түрдүү тармактарда мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Кыргызстан менен Бахрейндин ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди кеңейтүүнүн натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу, кыргыз-бахрейн мамилелеринин актуалдуу маселелерин чечүү жолдорун издөө, эффективдүү транспорттук-логистикалык системасын түзүү жана эки өлкөнүн ортосундагы туризмди өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстандан Бахрейнге айыл чарба продукцияларын экспорттоону жолго коюу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, жолугушуунун алкагында төмөнкү эки тараптуу документтерге расмий кол коюу аземи өттү:

1. Кыргызстандын министрлер кабинети менен Бахрейндин өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуу.

2. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен Бахрейндин Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы саясий кеңешмелер боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Министр Кулубаев кесиптешин жакынкы аралыкта Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.