Бишкекте биринчи кыргыз-британ ТИМдер аралык консультациялары өттү

Бишкекте биринчи кыргыз-британ ТИМдер аралык консультациялары өттү

Бишкек, 20.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 20-июнда Бишкекте эки тараптуу кызматташуу боюнча биринчи кыргыз-британ ТИМдер аралык консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргыз делегациясын КР ТИМинин Үчүнчү саясий департаментинин директору Руслан Бекболотов, ал эми британ делегациясын Британиянын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташуу департаментинин директору Мартин Харрис жетектеп келди.

Тараптар 2022-жылдын 12-июнунда Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толгондугун белгилешти. Ушуга байланыштуу эки тараптуу кызматташуунун азыркы абалы жана мүмкүн болуучу өнүгүү багыттары талкууланды. Тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты жана Кыргыз Республикасы менен Улуу Британиянын парламенттик достук топторунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

Соода-экономикалык өз ара аракеттенүү жаатында тараптар үстүбүздөгү жылы Лондондо кыргыз-британ инвестициялык форумун уюштуруу, британ тараптын Кыргызстанда чакан жана орто бизнести колдоо долбоорлорун ишке ашыруу, Кыргызстандын ишкерлерин продукциянын сапаты, сертификациялоо, продукцияны жаңы рынокторго илгерилетүү мүмкүнчүлүктөрү сыяктуу тармактарда окутуу маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, эки тараптуу экономикалык кызматташтыктын келечектүү багыттары катары айыл чарба, жеңил өнөр жай, туризм белгиленди.

Консультациялардын жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык кызматташтыкты, өзгөчө билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты.

Тараптар ошондой эле КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен Agri-HR британия компаниясынын ортосунда түзүлгөн келишимдин алкагында Кыргызстандын жарандарын Улуу Британияда ишке орноштуруу маселелерин карашты. Кыргыз тарап британ тарапка КР жарандарынын британ визасын алуу маселесин жеңилдетүү максатында Бишкек шаарында Улуу Британиянын виза алуу борборун ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу өтүнүчүн билдирди.

Ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелерине да көңүл бурулду.

Тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.