БУУ башкы катчысынын биринчи орун басары Кыргызстанга иш сапары менен келип кетти

БУУ башкы катчысынын биринчи орун басары Кыргызстанга иш сапары менен келип кетти

Бишкек, 13.06.22. /Кабар/. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысынын биринчи орун басары Амина Мохамед Кыргызстанга иш сапары менен келип кетти.

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш сапардын алкагында Амина Мохамед Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө 2023-2027-жылдарга карата БУУ тутумунун туруктуу өнүктүрүү жаатындагы кызматташуу боюнча Алкактык программасына кол коюлду.

Ошондой эле БУУнун башкы катчысынын орун басарын КР тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Кемелова туруктуу өнүгүү, анын ичинде тоолорду өнүктүрүү, жана ошондой эле гендердик теңчилик, айлана чөйрөнү, Борбордук Азиядагы суунун булагы жана суу ресурстарын жөнгө салуучусу болгон тоо мөңгүлөрүн жана токойлорун коргоо, билим алууну, медициналык кызматтарды жана таза ичүүчү сууну жеткиликтүү кылуу жаатындагы Кыргызстандын көйгөйлөрү жана демилгелери жөнүндө маалымдады.

БУУнун башкы катчысынын биринчи орун басары кыргыз тарап көтөрүп жаткан көйгөйлөрдүн маанилүүлүгүн баса белгилөө менен, БУУнун катчылыгы аларды кылдат талдап чыгып, Кыргызстанга колдоо көрсөтүү маселесин карап чыгарына ишендирди.

Кыргызстан илгерилетип жаткан тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча демилгелердин фонунда, БУУнун Кыргызстандагы тутумунун туруктуу координаторунун кеңсесинин колдоосу менен, 11-июнда Амина Мохамед тоо мөңгүлөрүнө жана көлдөрүнө тик учак менен асмандан байкоо салып, ошондой эле Кыргызстандын Нарын облусунда жайгашкан Борбордук Азия университетине барып келди.