Жээнбек Кулубаев ЖККУ Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышты

Жээнбек Кулубаев ЖККУ Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышты

Бишкек, 10.06.22. /Кабар/. Бүгүн,10-июнда КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзояндын төрагалыгы астында ЖККУ Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министрлер эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, ошондой эле аймактагы, анын ичинде ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүнө жакын жайгашкан аймактардагы кырдаалга терс таасирин тийгизген маселелер боюнча мындан аркы өз ара аракеттенүү боюнча пикир алышты.

Министр Кулубаев өз сөзүндө ЖККУнун Жамааттык күчтөрүн пайдалануунун жол-жоболорун өркүндөтүү, ошондой эле ЖККУнун Кризистик кырдаалдарга чара көрүү борборунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.

Тараптар ЖККУга мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна учурдагы жана жаңыдан пайда болуп жаткан чакырыктар менен коркунучтарга чара көрүү үчүн тыгыз кызматташууну улантууну макулдашышты.

Ошондой эле Кулубаев Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын ЖККУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлери менен жолугушуусуна катышты.

ЖККУга мүчө мамлекеттердин тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын эл аралык коопсуздук маселелери боюнча билдирүүсү кабыл алынып, өкүлдөрдүн 2022-2024-жылдарга карата тышкы саясат, коргонуу жана коопсуздук боюнча консультацияларынын планы бекитилди.

Белгиленгендей, ЖККУнун министрлер кеңешинин кезектеги жыйынын 2022-жылдын экинчи жарымында Арменияда өткөрүү пландалууда.