Жашыл экономика, инвестиция, IT чөйрөсү. Кыргыз-япон кызматташтыгы талкууланды

Жашыл экономика, инвестиция, IT чөйрөсү. Кыргыз-япон кызматташтыгы талкууланды

Бишкек, 09.06.22. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Япониянын тышкы иштер боюнча парламенттик вице-министри Таро Хонда менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясий органынын басма сөз кызматы маалымдайт.

Билдирүүгө ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-япон кызматташтыгынын учурудагы абалы жана келечеги боюнча пикир алмашуу болду.

Атап айтканда, А.Мадмаров менен Т.Хонда отуз жылдын ичинде саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кыргыз-япон кызматташтыгын өнүктүрүүдө жетишкен ийгиликтерди канааттануу менен белгилешти. Алар «Борбордук Азия + Япония» диалогунун алкагында өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн жана маанисин баса белгилешти.

Азизбек Мадмаров өз ара кызыгууну жараткан маселелердин бардык комплекси боюнча, өзгөчө эки өлкөнүн ортосунда жашыл экономика, инвестиция жана IT чөйрөсүндө кызматташууну өнүктүрүү боюнча мындан ары тыгыз иш алып барарына ишеним билдирди.

Өз кезегинде, Таро Хонда япон тараптын мындан ары да Кыргызстандагы экономикалык жана социалдык реформаларга көмөк көрсөтүү тууралуу ниетин билдирди.

Тараптар ошондой эле Кыргызстан менен Япония үчүн юбилейлик жылда бийик жана жогорку деңгээлдеги иш сапарларды, ошондой эле экономикалык, илимий жана маданий-гуманитардык иш-чараларды уюштуруу боюнча пикир алышты.

Тараптар өз ара колдоо көрсөтүү боюнча сунуштарды кароого даяр экендиктерин билдиришти.

Сүйлөшүүнүн аягында тараптар кыргыз-япон мамилелеринин эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө болгон жалпы умтулууларын ырасташты.