Марипов Араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин башкы катчысы менен жолукту

Марипов Араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин башкы катчысы менен жолукту

Бишкек, 08.06.22. /Кабар/. Кыргызстандын Сауд Араб Падышалыгындагы элчиси Улукбек Марипов Перс булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин башкы катчысы Наиф Фалах Мубарак Аль-Хажраф менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, Эр-Рияд шаарында өткөн жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Кызматташтык кеңешинин ортосунда өз ара кызыгууну жараткан кызматташуу перспективаларын, аймактык жана эл аралык күн тартибинин эң актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Тараптар Кыргызстан менен Кызматташтык кеңешинин ортосундагы саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жалпы умтулууларын тастыкташты.

Жолугушуунун соңунда тараптар жетишилген келишимдерди илгерилетүү жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу боюнча тыгыз координацияланган ишти улантуу тууралуу макулдашты.

Маалымат үчүн: Перс булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши 1981-жылы 25-майда түзүлгөн жана ага алты мамлекет – БАЭ, Бахрейн, Сауд Арабиясы, Оман, Катар жана Кувейт кирет.