КР элчиси Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаттары менен жолугушту

КР элчиси Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаттары менен жолугушту

Бишкек, 08.06.22. /Кабар/. Анкара шаарында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаттары Шамиль Айрим, Мехмет Эрдоган жана Явуз Субаши менен жолугушту.

КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда эки тараптуу кыргыз-түрк кызматташтыгынын, анын ичинде эки өлкөнүн парламенттер аралык өз ара аракеттенүүсүнүн маселелери талкууланды.

Ошондой эле жолугушууда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда аймактык кызматташтыкты бекемдөө боюнча макулдашууга жетишилди.

Мындан тышкары, тараптар Түркияда Кыргызстанды таанытуу боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү макулдашты.