Кулубаев ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча коллегия мүчөсү Сергей Глазьев менен жолукту

Кулубаев ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча коллегия мүчөсү Сергей Глазьев менен жолукту

Бишкек, 27.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 27-майда Кыргызстандын тышкы иштери министри Жээнбек Кулубаев Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча коллегия мүчөсү (министр) Сергей Глазьев менен жолугушту. Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Тараптар 2022-жылдын 26-майында Бишкекте өткөн Евразия экономикалык форумун жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин алдыдагы жыйынын кеңири талкуулашты.

Жээнбек Кулубаев ЕАЭБ мамлекеттеринен да, үчүнчү өлкөлөрдөн да (форумга 15 өлкөдөн 2500дөн ашык адам катышкан) коноктордун форумга катышууга кызыгуусу жогору болгондугун белгиледи. Ал ошондой эле форум актуалдуу маселелерди талкуулоого жана жаңы демилгелерди көтөрүүгө багытталган бизнес менен бийликтин түз диалогу үчүн аянтча экенин кошумчалады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар интеграциялык бирикменин алкагында кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө үмүттөнөрүн билдиришти.