Кыргызстандын ТИМ башчысы АКШ Мамкатчысынын жардамчысы Дональд Луну кабыл алды

Кыргызстандын ТИМ башчысы АКШ Мамкатчысынын жардамчысы Дональд Луну кабыл алды

Бишкек, 23.05.22. /Кабар/. 2022-жылдын 23-майында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча жардамчысы Дональд Луну кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, Лу Кыргызстанда Борбордук Азия өлкөлөрүнө болгон турнесинин алкагында келди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америка мамилелеринин актуалдуу маселелерин, ошондой эле аймактык жана глобалдык күн тартибин талкуулашты.

Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизген практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү өзгөчө белгиленди. Ушуга байланыштуу инвестициялык кызматташтыкты арттыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Эл аралык санкциялардын Кыргызстандын экономикасына тийгизген терс таасирин азайтуу, ошондой эле чек ара коопсуздугун бекемдөөгө көмөк көрсөтүүнү активдештирүү маселелери өзүнчө каралды.

«С5+1» платформасынын алкагында мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар эки тараптуу кызматташтыктын кеңири спектри боюфнча конструктивдүү диалогду улантууга өз ара ниеттерин ырасташты.