Министр Жээнбек Кулубаев Россиянын элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды

Министр Жээнбек Кулубаев Россиянын элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды

Бишкек /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Россиянын РФдагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды, - деп кабарлайт КР ТИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-россия соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык, аймактар аралык кызматташуунун негизги маселелери талкууланды, ошондой эле аталган багыттар боюнча мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелери жана Россияда эмгектенген Кыргызстандын жарандарынын актуалдуу көйгөйлөрү каралды.

Кыргыз-россия саясий диалогунун жогорку деңгээлине канааттангандыгын билдирүү менен, министр Ж. Кулубаев Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү ырааттуу бекемдөө максатында бардык артыкчылыктуу багыттар боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар ошондой эле алдыда боло турган тышкы саясий иш-чаралар, анын ичинде 2022-жылдын 26-27-майында Бишкек шаарында өтө турган Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйыны жана биринчи Евразия экономикалык форуму тууралуу пикир алмашышты.