Кыргыз-катар кызматташтыгынын транспорт тармагындагы абалы жана келечеги талкууланды

Кыргыз-катар кызматташтыгынын транспорт тармагындагы абалы жана келечеги талкууланды

Бишкек, 17.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 17-майда Доха шаарында Кыргызстандын Катардагы элчиси Чынгыз Эшимбеков Катардын транспорт министри Жассим Аль-Сулайти менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда кыргыз-катар кызматташтыгынын транспорт тармагындагы абалы жана келечеги жөнүндө пикир алмашуу болду. Жарандык авиация тармагында өз ара аракеттенүүнү улантуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында талкууланган маселелер боюнча өз ара координациялоо макулдашылды.