...

Кыргызстан менен Өзбекстандын атайын кызматтарынын башчылары жолукту

Саясат Башка жаңылыктар 17 May 2022 15:20
Kabar Aiperi Ko
Кыргызстан менен Өзбекстандын атайын кызматтарынын башчылары жолукту

Бишкек, 17.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 17-майда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Абдусалом Азизов жолугушту. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн атайын кызматынын төрагалары биргеликте Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы чек ара тилкесиндеги макулдашыла элек Гавасай участкасын тик учак менен кыдырышты.

Тараптар тийиштүү маселелер боюнча өз ара пикир алмашты. Жолугушуу жылуу достук маанайда өттү жана тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Жаңылыктар

Жаңылыктар түрмөгү