КР элчиси дипломатиялык корпустун Дуайени, Германиядагы Апостолдук нунцийи менен жолукту

КР элчиси дипломатиялык корпустун Дуайени, Германиядагы Апостолдук нунцийи менен жолукту

Бишкек, 17.05.22 /Кабар/. Кечээ, 16-майда Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев дипломатиялык корпустун Дуайени, Германиядагы Апостолдук нунцийи Никола Этерович менен жолукту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Апостолдук нунций элчи Өмүрбек Текебаевди Кыргызстандын Германиядагы элчиси кызматына дайындалгандыгы менен куттуктап, элчинин ишмердүүлүгүнө максималдуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Элчи Өмүрбек Текебаев маектешине Кыргызстандагы учурдагы саясий кырдаал, ошондой эле Кыргызстандын экономикалык реформаларды ишке ашырууга багытталган улуттук кызыкчылыктары жана пландары жөнүндө маалымат берди. Элчи Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын кызыкчылыктарынын жана умтулууларынын айрым багыттары Ыйык Тактынын (Ватикан) жүргүзүп жаткан саясатына дал келерин белгиледи.

Маектештер Кыргызстан менен Ыйык Тактынын (Ватикан) ортосундагы кызматташтыктын эки тараптуу күн тартибин, ошондой эле региондогу жана жалпы дүйнөдөгү коопсуздук, экология жана башка гуманитардык маселелерди кеңири талкуулашты.

Элчи Өмүрбек Текебаев маектешине кыргыз элинин тарыхы жөнүндө кеңири айтып берип «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан немис тилинде чыгарылган «Манас» эпосу тууралуу иллюстрацияланган китебин белекке берди.

Жолугушуунун аягында Апостолдук нунций кызыктуу маек үчүн ыраазычылыгын билдирип, бардык белгиленген пландарды ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.

Маалымдама: Апостолдук нунций — Ыйык тактынын (Ватикан) дипломатиялык мамиледе болгон мамлекеттериндеги Рим Папасынын туруктуу дипломатиялык өкүлү.