Ирандын президенти Садыр Жапаровго дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоо катын жолдоду

Ирандын президенти Садыр Жапаровго дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоо катын жолдоду

Бишкек, 10.05.22. /Кабар/. Иран Ислам Республикасынын президенти Сейед Эбрахим Раиси Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоо катын жолдоду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

“Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн жарыялоо эки элдин тарыхына жана маданиятына сиңген көп жылдык мамилелеринин жаңы этабын ачып, аларды болуп көрбөгөндөй жакындатты.

Маданий-цивилизациялык жалпылыктар, жалпы улуттук салттар – өз ара мамилелердин негизин түзгөн эбегейсиз байлык. Дипломатиялык мамилелердин отуз жылында Иран Ислам Республикасы эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү үчүн олуттуу аракеттерди жасады. Эки өлкөнүн мамилелери маселелердин кеңири чөйрөсүн камтыйт, анын жыйынтыгында түрдүү - мамлекеттик, аймактык, ведомстволор аралык, өкмөттүк жана жеке деңгээлдеги кызматташуу боюнча 120дан ашык документтерге кол коюлду.

Жогорку деңгээлдеги өз ара жолугушуулар жана үзгүлтүксүз өз ара консультациялар бардык багыттар боюнча мамилелерди мындан ары да кеңейтип, эки дос элдин ортосундагы байланышты чыңдоо боюнча негизги чараларды көрүүгө алып келери шексиз”, - деп айтылат куттуктоо катында.

Сейед Эбрахим Раиси Садыр Жапаровду Тегеранга келип кетүүгө чакырып, ага ден соолук жана ийгилик, ал эми Кыргызстандын элине бакубатчылык каалады.