Элчи Жаманбаев Өзбекстандын дипломатиялык корпусу менен жолугушту

Элчи Жаманбаев Өзбекстандын дипломатиялык корпусу менен жолугушту

Бишкек, 29.04.22./Кабар/. Өлкөдө дипломатиялык миссиясынын башталышына байланыштуу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Россия, Кытай, Түркия, Азербайжан, Япония, Корея жана Беларустун дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өткөн жолугушуулардын жүрүшүндө Кыргызстан менен жогоруда аталган мамлекеттердин ортосундагы саясий, соода-экономикалык, транспорт-логистикалык, суу-энергетика, туризм жана гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери каралды.

Элчи М. Жаманбаев кесиптештерине Кыргызстанда болуп жаткан оң көрүнүштөгү өзгөрүүлөр тууралуу кеңири айтып берди жана биздин дос элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу мамилелердин бардык спектрин мындан ары өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экендигин билдирди.

Ташкентте аккредиттелген дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары Кыргызстан менен көп кырдуу өнөктөштүктү мындан ары да кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө өз ара умтула тургандыгын билдиришти.

Тараптар мамлекеттердин ортосунда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун чоң потенциалы бар деген пикирин билдиришти.

Элчи М. Жаманбаев Камбар-Ата ГЭС-1 жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле жогоруда аталган өлкөлөр менен эки тараптуу өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүү маселелерин талкуулады.

Ошондой эле жалпы узак мөөнөттүү кызыкчылыктарга негизделген аймактык өнөктөштүктүн келечектүү багыттары боюнча пикир алмашуу болуп, бул контекстте Кыргызстанда Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушуусун өткөрүү пландалып жаткандыгы тууралуу маалымат берди.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында дипломатиялык миссиялардын башчылары эки тараптуу жана аймактык кызматташтыктын кеңири спектри боюнча интенсивдүү ишкердик байланыштарды улантуу боюнча макулдашууга жетишти.