Кыргызстан менен Азия маданий борборунун ортосундагы кызматташтыкты өркүндөтүү багыттары талкууланды

Кыргызстан менен Азия маданий борборунун ортосундагы кызматташтыкты өркүндөтүү багыттары талкууланды

Бишкек, 29.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын 27-апрелинде Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова КРнын ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы Сабира Солтонгелдиева менен биргеликте Азия маданий борборунун директорунун жардамчысы Чжон Бонсу жана материалдык эмес маданиятты изилдөө борборунун директору Ханхи Хам башында турган Кореянын Маданият, Спорт жана туризм министрлигине караштуу Азия маданий борборунун делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, жолугушуунун жүрүшүндө Чжон Бонсу кыргыз тарапка КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте өнүгүүгө расмий жардам көрсөтүү багыты боюнча "Кыргыз Республикасында маданият ресурстарын башкаруу системасын түзүү жана кадрдык потенциалды чыңдоо" долбоорун ишке ашыруунун башталышы жөнүндө маалымдады.

Өз кезегинде Д. Кемелова Кыргызстандын маданий жана туристтик потенциалын илгерилетүү максатында өлкөнүн бардык маданий жана тарыхый кооз жерлерин санариптик чагылдыруу менен Кыргызстандын бирдиктүү веб-сайтын түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар Кыргызстандын Азия маданий борбору менен кызматташтыгына оң баа беришти жана мындан аркы кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты.