ЖК депутаты Чыңгыз Айдарбеков Сауд Аравиясынын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

ЖК депутаты Чыңгыз Айдарбеков Сауд Аравиясынын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

Бишкек, 27.04.22. /Кабар/. Кечээ, 26-апрелде КР Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков Сауд Аравия Падышачылыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради бин Абдурахман Аль Ради менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу жана өз ара сапарларды уюштуруу аркылуу парламенттер аралык алакаларды кеңейтүү маселелери талкууланды. Ошондой эле Кыргызстанда өндүрүлгөн экологиялык таза продукцияны экспорттоо жана Сауд Аравиясынан Кыргызстанга келген туристтердин санын көбөйтүү жолдору белгиленди.

Саудия инвестициясын туризмге, айыл чарбага, инфраструктураны өнүктүрүүгө, соода логистикасына тартуу, бизнес-форумдарды үзгүлтүксүз өткөрүү, ошондой эле визалык талаптарды жөнөкөйлөтүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

«Эки өлкө ортосундагы аба каттамдарын ачууну, тактап айтканда Кыргызстан жана Сауд Аравиясы шаарларынын ортосунда түз үзгүлтүксүз авиакаттамдарды ачууну жигердүү изилдөө жана туризмди мындан ары стимулдаштыруу, ошондой эле жагымдуу инвестициялык жана бизнес климатты түзүү боюнча макулдашылган чараларды көрүү, бизнес демилгелерди колдоо жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты арттыруу зарыл», - деп белгиледи комитеттин төрагасы.

Ч.Айдарбеков кыргыз-сауд мамилелери туруктуу жана жетишерлик бекем саясий негизге ээ жана жогорку деңгээлдеги сапарлар жана байланыштар менен бекемделгенин айтты. Кыргызстан Сауд Аравиясы менен кызматташтыгы жалпысынан кыргыз-араб мамилелерин, анын ичинде эл аралык уюмдардын алкагында кеңейтүү боюнча стратегиялык милдеттерге жооп берери айтылды.

Өз кезегинде Сауд Аравия Падышачылыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради бин Абдурахман Аль Ради Сауд Аравия тараптын Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташууну, анын ичинде соода, туризм, экономикалык жана инвестициялык тармактарда активдештирүүгө кызыкдарлыгын билдирди. Дипломат ошондой эле парламенттер аралык байланыштарды тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.