ЕРӨБ Кыргызстан менен «Центерранын» ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү аякташын позитивдүү баалады

ЕРӨБ Кыргызстан менен «Центерранын» ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү аякташын позитивдүү баалады

Бишкек, 26.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын 21-22-апрелинде Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Улан Жусупов Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (мындан ары – ЕРӨБ) жетекчилиги менен уюмдун Лондондогу штаб-квартирасында жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ЕРӨБ Борбордук Азия боюнча башкаруучу директору Жужанна Харгитай жана ЕРӨБ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн регионалдык директору Айтен Рустамова менен жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен ЕРӨБ кызматташтыгынын 30 жылдыгына карата биргелешкен иш-чаралар талкууланды. Белгиленген мезгил ичинде 800 млн АКШ долларынан ашык суммага 207 долбоор ишке ашырылган.

Тараптар даярдалган жаңы долбоорлорду карап чыгышты, алар: «Бишкек автобустары», «Жашыл шаарлар», «Ирригациялык системаны өнүктүрүү» жана «Чакан ГЭСтерди куруу».

ЕРӨБ жашыл экономика, кайра жаралуучу энергия жаатындагы Кыргызстандын артыкчылыктарын толук колдоп, аларды ишке киргизүүдө, ошондой эле КРнын энергетика секторундагы көйгөйлөрдү чечүүдө көмөк көрсөтүүгө даяр экендиги белгиленди.

Ж.Харгитай ЕРӨБ Кумтөр боюнча Кыргызстан менен «Центерра Голд» ишканасынын ортосундагы сүйлөшүүнүн ийгиликтүү чечилишин позитивдүү баалагандыгын жана бул өлкөнүн мындан аркы инвестициялык перспективаларын жакшыртуусуна түрткү берерин баса белгиледи.

2022-жылдын 22-апрелинде Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогон ЕРӨБ башкаруучулар кеңешинин мүчөсү Чагатай Имирги менен болгон жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан үчүн багытталган инвестициялык долбоорлордун ЕРӨБ тарабынан колдоого алынышы маанилүү экендиги билдирди.

Ч.Имирги ошондой эле кыргыз тарап менен Канаданын «Центерра Голд» ишканасынын ортосундагы талаштын чечилиши Кыргызстандагы инвестициялык климатка болгон эл аралык ишенимди калыбына келтирүүгө өбөлгө түзө тургандыгын белгиледи.