...

КР ТИМ башчысынын орун басары жана Венгрия элчиси кызматташтыкты талкуулады

Саясат Башка жаңылыктар 26 Aprel 2022 08:54
Kabar Aiperi Ko
КР ТИМ башчысынын орун басары жана Венгрия элчиси кызматташтыкты талкуулады

Бишкек, 26.04.22. /Кабар/. Кечээ, 25-апрелде Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиевдин Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө КР тышкы иштер министринин орун басары А.Молдогазиев жана Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Ш.Дороги үстүбүздөгү жылдын 16-апрелинде белгиленген Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгында өзгөчө маанилүү болгон кызматташтыктын оң динамикасын белгилешти.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, атап айтканда, быйылкы жылы жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштурууну талкуулашты, жакынкы келечекте Бишкекте Кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүүнүн, ошондой эле Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы укуктук-келишимдик базаны мындан ары кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Жаңылыктар

Жаңылыктар түрмөгү